Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жол кырсыгынын кесепетинен Ысык-Көлдө эки адам көз жумду

Сегиз адам ар кандай жаракаттарды алышкан

Ысык-Көл районунун Корумду айылында жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, саат 00.47 чамасында Subaru Forester, Audi A6 жана Mazda -626 үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Окуянын кесепетинен эки адам ооруканада каза болгон: 1990 -жылы туулган К.у.А. жана 2001 -жылы туулган Э., 

Сегиз адам ар кандай жаракаттарды алышкан: 1989 -жылы туулган Б.М., 1993 -жылы туулган Ж.к.М.,1997 -жылы туулган Б.А., 1995 -жылы туулган Т.П., 1982 -жылы туулган Д., 1991 -жылы туулган Ж.И., 1997 -жылы туулган К.у.У  жана 1992 -жылы туулган Э.у.А.

Жабырлануучулар Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген.

Жерине №31 ӨКБдан 3 куткаруучусу тартылган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх