Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция кызматкерине 100 миң сом төлөбөсө, Бишкек шаарынын тургунуна зордуктоону мойнуна "илип салууну" убада кылган (фото)

ПМК кызматкери пара талап кылуу фактысы боюнча УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген

УКМКнын кызматкерлери ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте А.А.К. 64 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча кармашкан. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти.

Белгиленгендей, ПМКнын инспектору өзүнүн тааныштары менен сүйлөшүп алып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу алдында зордуктоо фактысы боюнча Бишкек шаарынын тургунунан 100 миң сом талап кылган.

Бирок укук коргоо органдары бул жаранга карата зордуктоо же башка укук бузуу фактыларын каттаган эмес.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүгү (Пара талап кылуу) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ПМКнын кармалган кызматкери УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү тергөө -ыкчам чараларын андан ары иликтөө иштери жүрүп жатат.

Канышай Балкыбекова
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх