Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Тоолорду көздөй бет алып, кайра кайткан эмес". 15 жаштагы өспүрүм Кадамжайда экинчи күнү изделүүдө

Издөө иштерине 11 куткаруучу тартылган

Кадамжайда экинчи күнү дайынсыз жоголгон 15 жаштагы баланы издеп жатышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, 6-сентябрда Кадамжай шаарынын тургуну, 15 жаштагы Д. уулу Ө., тоолорго багыт алып, кайра кайтып келген эмес.

Эртеси издөө иштерине ӨКМден 11 куткаруучу тартылган. Бирок саат 18: 20да издөө иштери убактылуу токтотулган.

Маалым болгондой, бүгүнкү күнгө чейин издөө иштери улантылууда.

Канышай Балкыбекова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх