Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК жарандан акча жана кымбат сувенир талап кылган милициянын майорун кармады (фото)

Биринчи Май райондук ИИБ кызматкери алдамчылык үчүн бир адамды "асып салам" деп коркуткан

Бир күн мурун, 9 -сентябрда УКМК ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Биринчи Май РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери, милициянын майору "ДМК"ны пара талап кылуу фактысы боюнча кармашкан. , .

Ал алдамчылык фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу аркылуу  Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургуну “А.С.Адан” 500 доллар жана улуттук элементтерден жасалган кымбат сувенирди талап кылган.

КЖБРдин сотко чейинки өндүрүшүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 


УКМКнын басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх