Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусиядагы мигранттар ок чыгарышып, массалык мушташ уюштурушту(видео)

Алдын ала маалыматтар боюнча, жаңжал Кавказ жана Борбор Азиядан келген адамдардын ортосунда чыккан

Воронежде мигранттар ок чыгарышып массалык мушташ уютурушту. Бул тууралуу EurAsia Daily Интерфакска шилтеме берүү менен билдирди.

Гезитте жазылгандай, 11 -сентябрда саат 20: 50дө милицияга Ленин проспектисинин 153а дарегиндеги мушташ тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуянын күбөсү тарабынан тартылган видео жергиликтүү "Вконтакте" баракчаларында пайда болгон.

Кадрда эркектер тобу жолдун жээгинде жыгылып кеткен жигитти сабап жатканы көрсөтүлгөн. Бир аздан кийин тротуардагы элди көздөй  кара түстөгү жол тандабас келип,  бир нече тапанчадан атылган үндөр угулат, андан кийин унаа белгисиз тарапка кетет.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кавказ менен Борбор Азиядан келген адамдардын ортосунда мушташ болгон. Видеонун авторунун айтымында, чыр кыз менен балдар үчүн болгон.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх