Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аксыда күйдүргү оорусуна байланыштуу карантин киргизилди

Бир күн мурун бул аймакта посттор орнотулган

Сибирь жарасы чыккандыктан Аксыда карантин жарыяланды. Vesti.kgге маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Милициянын маалыматы боюнча, учурда тиешелүү органдар тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

- Бир күн мурун бул аймакта посттор орнотулган, - деп белгилешти РИИБден.

Ал арада республикалык карантин жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Бектурдиев Vesti.kgге берген маегинде жети бейтаптын экөөнүн лабораториялык анализи күйдүргү оорусуна оң жыйынтык бергенин айтты.

"Бейтаптар Аксы аймактык ооруканасында дарыланууда", - деди ал. - Катталган 41 байланыш бар, бирок алар көзөмөлдө. Аксы районунда эпидемияга каршы комиссия чукул жыйын өткөрдү. Абал турукташты.

Бектурдиев оорунун чордону уй эти экенин белгиледи.

Канышай Балкыбекова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх