Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түп районунда баңгизаттарды туруктуу бөлүштүрүүчү канал бөгөттөлдү

  • жолу 0 кароо

Ысык-Көл облусунун тургундары деп шектелгендердин үй-бүлөлөрү тинтүүгө алынып, тыюу салынган заттар табылган

Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы Ысык-Көл облусунун ИИБдин атайын операциялар отрядынын жана ИИМдин БМЖКККнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Түп жана Ысык-Көл райондорунда баңгизаттарды сатуу боюнча туруктуу каналга бөгөт коюшту.

2021-жылдын 16-январындагы жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Ош шаарынын аймагынан 1959-жылы туулган жаран У.А. аттуу жарандан салмагы 42 грамм болгон “гашиш” баңгизатын текшерип сатып алуу боюнча ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Жогорудагы жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 1961-жылы туулган Т.Т. менен 1967-жылы туулган О.А. аттуу жарандар узак убакыттан бери Ысык-Көл облусунун Түп жана Ысык-Көл райондорунда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип келишкендиги аныкталган.

Аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2021-жылдын 24-август күнү тергөө судьясынын чечиминин негизинде шектүү Т.Т. жашаган үйдө тинтүү жүргүзүлүп, ашканадан 865 грамм болгон “гашиш” баңгизаты табылган.

Ошол эле күнү шектүү О.А. жашаган Ысык-Көл облусундагы үйдө соттун санкциясы менен тинтүү жүргүзүлгөн, анын натыйжасында сарайдан таза салмагы 420 грамм болгон 133 даана кургатылган “кара куурай өсүмдүктөрү” табылган.

Учурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери бул кылмыштарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо үчүн кошумча атайын тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх