Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жөө адамды сүзүп кеткен мотоцикл айдаган жаран кармалды

  • жолу 0 кароо

Жигит Сокулук районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилген

Жөө адамды сүзүп кеткен мотоциклчи Сокулук районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кырсык кечээ, 10 -сентябрда, кечинде "Манас" аэропортуна бараткан жолдо болгон.

Бул факты КР Кылмыш -жаза кодексинин 297 -беренеси (“Жол кыймылынын коопсуздугун жана автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоо”) боюнча КЖБРге катталган. Кылмышка шектүү  1992 -жылы  туулган жаран Н.Ф. кармалды.

Эске сала кетсек, авто рейд жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жараткан. Алар окуя болгон жерде жолду тосуп, күзөтчүлөр алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин гана тарап кетишкен.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх