Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Пермь университетине белгисиз адам ок чыгарган. Жабыркагандар бар (видео)

Кээ бир студенттер терезеден секиришкен

Белгисиз адам Орусиянын Пермь университетине ок чыгарган. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар бар. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

Университеттин аудиторияларында кээ бир студенттер менен мугалимдер кол салуучудан бекингендиги кабарланды. Кээ бирлери терезеден секиришет.

«Белгисиз адам университеттин имаратына кирип, ок атуучу куралдан ок чыгарган. Студенттердин айрымдары университеттин класстарында кол салган кишиден бекинип калышты. Кээ бир студенттер терезеден секирип кетишти », - деп билдирди ТАСС агенттигине укук коргоо органдарындагы булак. Анын айтымында, алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар бар.

Университеттин басма сөз кызматы ТАССка билдиргендей, атышуунун кесепетинен бир адам каза болуп, ок атуу травматикалык куралдан жасалганын тактады.

Белгиленгендей, кол салууга аз калганда ок атуучу "ВКонтакте" баракчасында ок атуунун себептери тууралуу айткан постун жарыялаган. Ошондой эле мылтык кармаган сүрөтүн жарыялаган.

Кийинчерээк социалдык тармактын администрациясы ок аткан адамдын баракчасын жаап салган.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх