Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте кутурган ит тиштеп алган адамдын эки колу кесилди

Учурда бейтаптын абалы орто оордукта

Бишкекте кутурган ит тиштеп алган адамдын эки колу кесилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, адам ооруканага "теринин кемтиги менен билектин жана оң санынын бир нече кеңири чагылган жаралары жана тарамыштарга, кан тамырларга, булчуңдарга жана нервдерге зыян" диагнозу менен жаткырылган.

Маалым болгондой, ал киши ооруканага түшкөндө микрохирургдардын катышуусу менен консультация өткөрүлгөн. Жыйынтыгында эки бутун тең кесип салуу чечими кабыл алынды.

Белгиленгендей, учурда бейтаптын абалы орточо оор.

Эске салсак, улгайган кишини өзүнүн ити тиштеп алган. Патрулдук милиция кызматкерлери анын качып кетишине жардам беришкен. Алар кызматтык куралды колдонушкан.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх