Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балдар үйүндө баланын өлүмү. Экспертиза Игорь Якунин көкүрөк травмасынын кесепетинен каза болгонун аныктады

Маанилүү иш боюнча сотко чейинки тергөө уланууда

Военно-Антоновка балдар үйүндө 12 жаштагы Игорь Якуниндин өлүмү боюнча комиссиялык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул факт боюнча материалдар Чүй облусунун ИИБнын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш -жаза кодексинин 138- берене (Денеге оор залал келтирүү, натыйжада байкабастыктан адам өлүмүнө алып келген) менен КЖБРге катталды  .

Комиссиялык экспертизанын корутундусу Якуниндин өлүмү көкүрөк травмасынын кесепетинен жүрөгү рефлектордук токтоп калуудан болгонун көрсөткөн. Сотко чейинки иликтөө уланууда.

Эске салсак, Игорь Якунин 1-июнда Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүндө каза болгон. Бирок, бул факты жашырылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, өспүрүм башка окуучу менен болгон мушташтын натыйжасында каза болушу мүмкүн болчу.

Маркумдун бир тууганы Богдан Якунин көп жолу президентке видео кайрылуу менен кайрылып, абалды түшүнүүсүн суранган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх