Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коляскасы бар аялды салбай койгон кичи автобустун айдоочусу иштен алынды. Ал элден кечирим сурады

Ал кишинин айтымында, бир жыл мурун ушундай окшош жагдай  болгон, анын кесепетинен жүргүнчүлөр жабыркаган

Патрулдук милиция коляскасы бар аялды салонго киргизбеген №203 кичи автобустун айдоочусун аныктады.

Ал 37 жаштагы М.Б.

Ал кишинин айтымында, былтыр дагы ушундай жагдай болгон. Натыйжада кичи автобустун жүргүнчүлөрү жабыркап, айдоочу чыгымдарын төлөп берген. Буга байланыштуу ал коляскасы бар аялды салонго киргизүүдөн баш тарткан. Жаран коомчулуктан кечирим сурады.

Кичи автобустун айдоочусу иштен алынды. Ал Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнө жеткирилип жатат.

Мындан тышкары, ПМБ №203 каттам боюнча иштеген бригаданы текшерди. Техникалык бузуулар боюнча эки протокол түзүлгөн. 10 миң сом айып салынган.

Эске сала кетсек, буга чейин интернетте №203 кичи автобустун айдоочусу балалуу аялды салонго киргизбей койгон видео тараган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх