Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Рыспек Акматбаевдин ата-энеси Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан каза болушту

Жол кырсыгы фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

Ысык-Көл районунда, Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда 4-октябрь күнү эртең менен кырсык болуп, анын кесепетинен эки жаран каза болгон.

Булактар ​​Vesti.kgге билдиргендей,  маркум криминал Рыспек Акматбаевдин ата -энеси болгон. Lexus RX300 унаасынын рулунда 84 жаштагы Абдымалик Акматбаев, жанында жубайы 81 жаштагы Сабира Содалиева болгон.

Vesti.kg комментарий алуу үчүн Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына кайрылды.

Белгиленгендей, кыргызстандыктар Чолпон-Ата шаарынан Балыкчыга бара жаткан, Lexus RX300 унаасынын айдоочусу бурулушта катуу ылдамдыкта рулду башкара албай калган. Машина оодарылып кетти. Айдоочу менен жүргүнчү каза болгон.

Бул факт КЖБРде катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Сүрөт Vesti.kg

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх