Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө жасалма алмаларга катылган метамфетамин алынды (видео, сүрөт)

Жашыруун базарда баңгизаттардын мындай партиясынын баасы жарым миллион доллардан ашат

Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте эл аралык баңгилик топтордун ишмердүүлүгүн аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча атайын операция өткөрүштү.    
Кара базарда баңгизаттардын мындай партиясынын баасы жарым миллион доллардан ашат.Бишкек шаарында атайын тергөө аракеттерин өткөрүү учурунда “БТС” бажы терминалынын аймагында, “Иран Ислам Республикасы -Түркмөнстан-Өзбекстан Республикасы-Казакстан-Кыргыз Республикасы” каттамы боюнча жүргөн “DAF” маркасындагы жүк ташуучу автоуунасын тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Тинтүү жүргүзүү учурунда автоунаанын жүк ташуучу жарымприцепбинде салынган айрым алма таңгактары пенопласттан жасалган (муляж) 147 даана алма табылып алынган, алардын ичинде кристаллга окшогон ак түстөгү, бөтөнчө жыттаган затты камтыган полиэтилен баштыгы болгон. “БТС” бажы терминалынын таразасына көзөмөлдөп салмакка тартууда кристаллга окшогон заттардын жалпы салмагы таңгагы менен кошкондо 10 килограмм 100 граммды түзгөн.

Аталган иш-чаралардын жүрүшүндө жогоруда аталган жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу Өзбекстан Республикасынын К.Б. аттуу жараны кармалган.

Бул факт, КЖБРге КР ЖКнын 267-беренеси (баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталган.

Алдын ала тергөө амалдарынын жүрүшүндө аталган прицеп Иран Ислам Республикасынан чыгып, Түркменистандын бейтарап аймагынан жарым прицеп кошулуп, Өзбекстан Республикасынын бейтарап аймагына чейин жеткирилип, андан ары аталган айдоочу жарымприцеп рефрижераторду кошуп Кыргыз Республикасынын аймагына бет алгандыгы белгилүү болгон.  

ИИМдин Криминалистикалык кызматынын алгачкы изилдөөсүнө ылайык, аталган зат «метамфетамин» (первитин) болгондугу аныкталган.

Бул заттын “жашыруун базарында” 1 граммдын баасы 4500 сомду түзүп, бул өлчөмдөн 15 доза даярдоого болот. Алынган заттын жалпы салмагы 10100 граммды түзүп,  дозасы – 150000 болот. Ал баңги каражаттын “жашыруун базардагы” баасы 450 000 000 сомдү түзөт, ал эми КРнын Улуттук банкынын АКШ доллар курсу боюнча  531 286 долларды түзөт.

Азыркы учурда  ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан бул кылмышка катыштыгы бар жактарды аныктоо жана аларды кармоо боюнча мындан аркы атайын-тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх