Бишкекте баштыкка салынган наристенин жансыз денеси табылды
Сотко чейинки өндүрүш "коркунучта калтыруу" беренеси боюнча дайындалды
Бишкекте Аламүдүн-1 кичи районунун аймагында баштыктан ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат 17 -октябрда саат 11:55 чамасында нөөмөт бекетине келип түшкөн.
Бул факты Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын КЖБРде каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 150-беренеси (Коркунучта калтыруу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
Соттук -медициналык экспертиза дайындалды, анын жыйынтыгы боюнча тергелип жаткан иш боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат.
Белгиленгендей, тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.
Сүрөт www