Ошто үч баланын энеси коридордо асынып алды
Медициналык экспертиза дайындалды
Бул окуя 19 -октябрда түштүк борборунун милициясына кабарланган.
Асылган аялдын жансыз денеси "Туран" МТУнун үйлөрүнүн биринен табылган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Белгиленгендей, маркум А.Н. 30 жашта болчу. Ал апасынын үйүнүн коридорунда асынып алган. Анын артында жашы жете элек үч баласы калды.
Медициналык экспертиза дайындалганы көрсөтүлгөн.
Бул факт КЖБРде катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз