Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тува республикасынын борборунда 9 жана 14 жаштагы эже сиңдинин жансыз денеси табылды

Үрөй учурган окуя Туванын борбору Кызыл шаарында орун алган

Орусиянын Тува республикасынын борбору Кызыл шаарында кечээ таңында эки жаш эже-сиңдинин жансыз денеси табылып, коомчулуктун үрөйүн учурду. 9 жана 14 жаштагы кыздардын сөөгү көп кабаттуу үйдүн алдында таңкы 5те табылган. Бул тууралуу жекшембиде, 31-октябрда Орусиянын Тергөө комитетинин  аймактык башкармалыгынын сайтында маалымдалды.

Оор жаракаттар менен табылган балдардын кичүүсү дарыгерлер келгиче каза болуп калса, ал эми улуусу ооруканада көз жумган. Кылмышка шектелип, мурда бир нече иштер боюнча соттолгон, 23 жаштагы Тыва Республиканын Тес-Хем аймагынан келген 23 жаштагы жигит кармалганы белгиленди. Шектүү кыздарды алгач аёосуз ур-токмокко алып, андан кийин 8-кабаттын терезесинен ыргытып жибергени айтылууда. Маркум кыздар ошол үйдө апасы жана шектүү менен бирге бир батирде жашап келишкенин үйдүн жашоочулары айтып беришкен. Алардан сырткары, 9 жаштагы кыздын эгиз кызы да бар экени, учурда анын кайда экени белгисиз болуп жатканы белгилүү.

Маалым болгондой, 23 жаштагы шектүү мурда жасаган кылмыштары үчүн федералдык издөөдө жүргөн - ал адам тарабынан жасалган тоноо фактысы боюнча тергөө жана унаа уурдоо боюнча соттук териштирүү жүрүп жаткан учурда күч органдарынан качып кеткен. Укук коргоо кызматкерлери аны 2 айдан ашык убакыттан бери издеп жүрүшкөн. 

Камила Аляева

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх