Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте агасы инисин бычак менен өлтүрдү

Жабырлануучуну ооруканага алып барган, бирок ал унаанын ичинде каза болгон

16-декабрда Бишкек шаардык ШИИБга Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борбору телефон чалып, аларга бычактан жаракат алган өлүк жеткирилгенин билдирген.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу дароо ооруканага барышкан. Келгенден кийин Бишкектин Рылеев көчөсүндөгү үйдүн жанынан иниси менен  чыр-чатактан кийин агасы аны бычак менен сайып, жабырлануучуну өз унаасы менен Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борбору алып кеткендиги тууралуу алгачкы маалымат түшкөн. Жабырлануучу эсине келбей ооруканага жетпей каза болгон.

Маркумдун өздүгү такталды -1988-жылы туулган И.А. болгон. Тышкы кароодо соттук-медициналык эксперттер көкүрөк жагында бычактан алган жаракаттарын аныкташкан.

Бул факт Ленин РИИБнин ЭПККсына катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ГОМ-2 криминалдык милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү А.И. 1980-жылы туулган. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Сот тарабынан камакка алуу жана эки айга СИЗО-1ге камоо түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Бул тууралуу Ленин райондук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх