Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара-Балта шаарында коомдук тамактануучу жайдын кызматкерлери менен кардардын ортосунда чыр чыгып, бычакташканга барышты

Мушташтын катышуучуларынын бири бычактан алган жаракатынан улам каза болгон

Бүгүн, 25-январь күнү саат 06:00дөр чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө адам өлүмү менен аяктаган мушташ фактысы боюнча маалымат түшкөн.

Бул факты Жайыл районунун ИИБнын КЖБРне катталган.

Таңкы саат 06:00дө Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн биринде коомдук тамактануу жайынын кызматкерлери менен келгендердин ортосунда оозеки чыр чыгып, мушташка айланган. Ал жерге РИИББнын кызматкерлери келген.

Мушташтын катышуучуларынын бири - мурда бычактан алган жаракатынан улам каза болгон. Өздүк аныкталды. Мушташтын дагы бир катышуучусу А.Р. ошондой эле бычак менен жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Бардык катышуучулар райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. Окуянын бардык жагдайлары такталууда. Керектүү экспертизалар дайындалды.
Учурда тергөө иштери уланууда.

Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх