Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Авангард-Строй» курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды. Ал ИВСке жайгаштырылды

УКМК Ат-Башы айыл аймагынын курулуш компаниясынын эсебине 20 миллион сомдон ашык акчаны мыйзамсыз которгон кызматкерлерди да кармады

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын контролдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, атап айтканда, социалдык билим берүү объектилерин каржылоо жана куруу боюнча сотко чейинки өндүрүштүн негизинде 26-январь күнү КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Ат-Башы айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери «Ч.К.Ч., Ж.Т.Д. жана «Авангард-Строй» курулуш компаниясынын жетекчиси Т.Т.С кармалды.

Аталган мамлекеттик кызматкерлер үчүнчү жактардын кызыкчылыгын көздөп, курулуш иштерин бүтүргөндүгү боюнча тиешелүү тастыктоочу документтери жок, 20 607 669 сомду аталган жеке уюмдун эсебине негизсиз которгондугу аныкталган.

Тиешелүү компетенттүү мамлекеттик органдардын корутундусуна ылайык, мамлекеттин финансылык кызыкчылыгына 13 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Кармалган «Ч.К.Ч.», «Ж.Т.Д. жана "Т.Т.С." Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда колдонуудагы мыйзамдардын алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМКнын басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх