Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ноокен районунда милиционер жумуш ордунда кызматтык курал менен өзүн атып алды

Маркумдун жансыз денеси ажатканадан табылган

Ноокен районунда милиция кызматкери РИИБдин имаратында кызматтык курал менен өз жанын кыйды. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Каза болгон 32 жаштагы Р.Т. ажатканадан табылган, ал башына өзүн атып алган.

«Окуя болгон жерге облустук акимчиликтин кызматкерлери, Ноокен районунун прокурору, тергөө-ыкчам топтору жөнөп кетишти», - деп билдиришти милициядан. - Чогултулган материалдар КЖБРге “Өзүн-өзү өлтүрүү” деп катталып, райондук прокуратурага өткөрүлүп берилди. Анын себептери такталууда.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх