Кара-Бак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы бир кишиге мыйзамсыз жер бөлүп берген
Жеке соодагер жердин топурак катмарын бузуп, мамлекетке 400 миң сомдон ашык зыян келтирген
Баткен облусунда жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берген кызмат адамдары кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Ошентип, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, жаран Х.С. менен алдын ала макулдашуу боюнча жайыт түрүндөгү 10 га айыл чарба жерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берген. Натыйжада Х.С., жердин топурак катмарын бузуп, мамлекетке 464 миң 400 сом зыян келтирген.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен жерди жеке менчикке мыйзамсыз берген кызмат адамдары кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Келтирилген зыян толугу менен мамлекетке толтурулган.
Кылмыш иши сотко жөнөтүлдү.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www