"Дүйнөдөгү эң кичинекей бейтап." Бир жарым айлык Амандын жүрөгүнө бир эле учурда операция жасалып, боору алмаштырылган
Анын 19 жаштагы эжеси боордун донору болуп калды
Анталияда кыргызстандык 1,5 айлык ымыркай Аман Мамытовго бир убакта жүрөгүнө операция жасалып, боорун алмаштырып, "дүйнөдөгү эң кичинекей бейтап" болуп калды. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгиленгендей, жаңы төрөлгөн баланын ден соолугу начарлай баштаган. Бишкекте жүргүзүлгөн анализдердин жыйынтыгында Амандын тубаса боор жана жүрөк оорусу бар экени белгилүү болду. Ымыркайдын үй-бүлөсү Анталияга трансплантацияга барышкан.
Түркияда 50 күндүк ымыркайдын жүрөгүнө операция жасалып, андан соң 150 грамм боор тканы трансплантацияланды, анын донору 19 жаштагы эжеси Алтынай Мамытова болгон.
Операция ийгиликтүү өткөнү белгиленет.
Канышай Балкыбекова
фото Milliyet