Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нарын шаарынын прокуратурасы жалган жактоочуну кармады

Өзүн адвокатмын деп тааныштырган аял ишенчээк жарандан 6 миң доллар алып, сотко жардам берем деп убада кылган

Нарын шаарынын прокуратурасы тарабынан жалган жактоочу И.К.С кармалып, ал Нарын ОИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Иликтөөнүн жүрүшүндө И.к.С., өзүн адвокат катары көрсөтүп, алдоо жолу менен жаран И.Г.С.нын акча каражаттарын ээлеп алганы аныкталган. Тууганына карата Нарын облусунун соту тарабынан оң чечим чыгарууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн 6 миң доллар өлчөмүндө акча алган.

Юстиция департаментинин маалыматы боюнча, И.к.С. адвокаттык иш жүргүзүүгө лицензиясы жок.

Учурда ушул сыяктуу кылмыштарга жалган жактоочунун катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх