Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айланма жолдо топурак урап бир адам каза болду

Каргашалуу окуя Аламүдүн районунда болгон

Аламүдүн районунда бир адам эңкейиштен кулап каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, нөөмөт бөлүмүнө Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолуна топурак массасы урап түшкөнү тууралуу маалымат түшкөн.

«Урандылардын астында бир адам болгон. Окуя болгон жерге беш куткаруучу барган. Алар адамдын сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда маркумдун өздүгү такталып, иликтөө иштери жүрүп жатат», - деп жыйынтыктады ведомство.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх