Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таластын тургунун маңзат сатууга мажбурлаган милиция кызматкери кармалды (видео)

Улук тергөөчү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

УКМКнын кызматкерлери ИИМдин Тышкы чалгындоо кызматы менен биргеликте сатылган баңги заты үчүн акчанын бир бөлүгүн алуу учурунда экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын Талас ОИИБнин милициянын капитаны Н.у.Уну пара менен кармашкан.


Кармалган кызматкер бир нече убакыттан бери баңги затын алып келип, кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу менен Талас шаарынын тургунун «марихуана» сатууга мажбурлаганы аныкталган.


Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында милициянын капитаны Н.у.У. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалып, андан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМКнын СИЗОнун УККсына киргизилген.

УКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх