Бишкекте көп кабаттуу үйдүн дубалы кулап кеткендиги боюнча эки прораб кармалды
Тергөөнүн алкагында керектүү экспертизалар жүргүзүлүүдө
Бишкекте турак үйдүн үстүнө кулап түшкөн көп кабаттуу үйдүн курулушун көзөмөлдөгөн эки прораб кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Милициянын маалыматына караганда, 26-мартта Бишкек ШИИБге Жаш Гвардия бульвары менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу имараттын дубалынын бир бөлүгү турак үйдүн чатырына кулап түшкөнү тууралуу чакыруу түшкөн.
«Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын шаардык ИИБнин 1-бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу дароо чакыруу болгон жерге жөнөп кетишти», — деп билдиришти укук коргоо органдарынан. - Бул факты “Тоо-кен, курулуш же башка жумуштарды жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси менен катталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, жарандар И.А. 1966-жылы туулган 1962-жылы туулган Ж.М. кармалган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Сүрөт www