Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Хорогдогу баш аламандыктарды уюштурган деп айыпталган уюшкан кылмыштуу топтун лидери Тажикстанда өлтүрүлдү

ЖМКлардын маалыматына караганда, кылмышкер кылмышкерлердин өз ара тирешүүсүнүн натыйжасында өлтүрүлгөн

Тажикстанда Тоолуу Бадахшан автоном облусунун административдик борбору Хорог шаарында уюшкан кылмыштуу топтун лидери, Хорогдогу баш аламандыктарды уюштурган деп айыпталган Мамадбокир Мамадбокиров өлтүрүлгөнүн орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

«Мамадбокиров ички криминалдык жаңжалдын натыйжасында өлтүрүлгөн», - деп билдирди журналисттерге Тажикстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Укук коргоо органдарынын айтымында, Мамадбокиров Хорогдогу башаламандыктарды, өкмөткө каршы митингдерди жана Тажикстанды Кытай менен байланыштырган Хорог-Кулма эл аралык унаа жолун тосууну уюштургандардын бири.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх