Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эдил Байсалов Ошко иш сапары менен барды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары түштүк борбордо биринчи жолу өтүп жаткан бел боо күрөшү боюнча эркектер жана аялдар арасында «Алыш» Азия чемпионатынын ачылыш аземине катышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов иш сапары менен Ошко барды.

Вице-премьер-министр түштүк борбордогу мектептердин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуп, өлкө жетекчилиги тарабынан билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан иштер, жогорку окуу жайдан күтүлүп жаткан эффект жана атаандаштык артыкчылыктары тууралуу айтып, окуучулардын суроолоруна жооп берди.

Андан ары Байсалов Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде, Кыргыз-Өзбек университетинде, №16 кесиптик лицейде жумушчу жолугушууларды өткөрүп, Ош шаардык клиникалык ооруканасында болду.

Кошумчалай кетсек, ал Ош шаарында биринчи жолу өтүп жаткан бел боо күрөшү боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында «Алыш» Азия чемпионатынын ачылыш аземине катышты.

Турнирге дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн 300гө жакын спортчу катышууда жана мелдештер күзүндө Изник ​​шаарында (Түркия) өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тандоонун экинчи этабы болуп саналат.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх