Дастан Бекешев Бишкектин 7-кичи районунун «баш аламан» үй салууга каршы болгон эл менен жолугушту
Пландалган жаңы үйдүн жанында азиз балдар үчүн бала бакча бар
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 7-кичи райондун жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, жыйынга катышкандар жашаган аймакка дагы көп кабаттуу үй салууга каршы болушкан.
«Бул дагы бир кезектеги «шам» болот. Тургундардын басымдуу бөлүгү каршы, бирок буга чейин ынанган тургундар бар. Сунушталган курулуштун жанында азиз балдар үчүн бала бакча бар. Анан дагы, тилекке каршы, бул бакчанын директору бул үйдүн курулушуна макулдугун берди», — деп жазган ал.
Ошол эле маалда Бекешев документтерге ылайык, курулуш компаниясы «жакшы иштеп жаткансыйт» деп баса белгиледи.
«Мен бул кичи райондун тургундары менен жолугуп, алардын арыз-муңун уктум. Келгиле, аларга кантип жардам берүү жөнүндө ойлонуп көрөлү. Ал эми документтер боюнча курулуш компаниясы жакшы иштеп жаткансыйт», - деп жыйынтыктады ал.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www