Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бакыт Төрөбаев курулуш материалдарын чыгаруучу заводго жана «Кыргызнефтегаз» ААКсына барды

Вице-премьер-министр ата мекендик өнөр жай ишканаларын колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында гипстин негизинде курулуш материалдарын чыгаруучу заводго («Мега Юнион Индастри» жоопкерчилиги чектелген коому) жана “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомуна барды.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун, өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун, венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун, ошондой эле мамлекеттик банктардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте ишканалардын абалы менен таанышып, жетекчиги менен болгон көйгөйлөрдү талкуулады.

Бакыт Төрөбаев ата мекендик өнөр жай ишканаларына колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

«Каржы мекемелерине, мамлекеттик банктарга, адистештирилген структураларга тиешелүү тапшырмалар берилди. Бул кадамдардын баары жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү стимулдаштырууга, экспорттук потенциалды жогорулатууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган. Аймактарда өнөр жайды өнүктүрүү биз үчүн приоритеттүү мааниге ээ. Мындай тапшырмалар Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан коюлган», - деди ал.

Иш сапардын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга ички рынокту күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылуу максатында мунай өндүрүүнү көбөйтүү маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинүүчү курулуш материалдарынын (анын ичинде гипсокартон) сапатын жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү  изилдөө боюнча тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, учурда “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому өндүрүш процесстерин жакшыртуу боюнча иш алып барууда.

Гипстин негизинде курулуш материалдарын чыгаруучу завод 2009-жылдан бери иштеп келет. Гипсокартон өндүрүшүнүн жалпы көлөмү 2 миллион м2ге жакынды түзүп, бул республика боюнча гипсокартонду сатуунун жалпы көлөмүнүн 40%ын камтыйт. Экинчи линияны монтаждоо 90% аяктады, бул дагы 3 млн м2 көлөмдөгү өндүрүшкө мүмкүндүк берет.

 Жумушчу сапарынын алкагында Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусунун ишкерлери менен да суроо-жооп форматында жолугушуу өткөрдү.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх