Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сузак районунда эркек киши 35 метр бийиктикке асынып каза болду (фото)

Жаш жигит өз өмүрүнө кол салуу үчүн жогорку вольттогу электр мамысына чыгып кеткен

Сузак районунда бир адам жогорку чыңалуудагы электр мамысына асынып алды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.


«Окуя болгон жерге барган укук коргоо кызматкерлери 35 метрдей бийиктиктен жипке асылып турган адамдын жансыз денесин табышкан», - деп айтылат милициянын маалыматында. Кийинчерээк маркумдун өздүгү такталган. Ал 24 жаштагы М.У.О болуп чыкты, бул факт РИИБге катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Өлүмдүн себеби такталууда.

Ал арада ӨКМдин басма сөз кызматы маркумдун сөөгүн 4 куткаруучунун жардамы менен электр таянычынан чыгарууга туура келгенин билдирди.

Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх