Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Темирлан Султанбеков: Атамбаевдин укугун коргоого эл аралык коомчулукту тартышыбыз уят

“Социал-демократтар” партиясынын лидери экс-президенттин Улуттук кардиология борборундагы текшерүүсүнө комментарий берди

КСДПнын лидери Темирлан Султанбеков ИНСтин экс-президент Алмазбек Атамбаевди Улуттук кардиология борборунан текшерүү чечимине комментарий берди.

Саясатчы Атамбаевдин ден соолугуна тынчсызданып жаткан камкор жарандарга ыраазычылык билдирди. Султанбеков мурдагы мамлекет башчынын абалын текшерүү чечими Социалисттик Интернационалдын башкы катчысы Луис Аяланын кайрылуусунан кийин кабыл алынганын баса белгиледи.

«25-апрелде Башкы катчы Луис Аяланын Кыргызстанга болгон иш сапары жана сот процессине барган учурда сот экс-президенттин ден соолугун кардиоборбордо текшерүүнү чечкен, бирок бир ай бою бул соттун чечими аткарылган эмес. Албетте, өлкөнүн экс-президентинин мыйзамдуу укуктарын мыйзамдуу түрдө коргоого эл аралык коомчулуктун тартылышы өкүнүчтүү», — деп жазган ал.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх