Акылбек Жапаров: Европага терезе жабылса, Азиянын дарбазасын ачабыз
Бишкекте Евразия экономикалык форуму башталды
Бишкекте Евразия экономикалык форуму ишин баштады. Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Аппарат жетекчиси Акылбек Жапаров сөз сүйлөдү.
«Эгерде Европага терезе жабылса, биз Азияга дарбазаны ачууга даярбыз», - деди Жапаров. - Биз 2001-жылы эле улуттук валютада өз ара эсептешүүгө өтүү керектигин айтканбыз. Акыркы окуялар жаңы экономикага өтүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүн сын көз менен көрсөттү».
Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы дүйнөлүк экономикалык борбор Батыштан Чыгышка жылып жатканын, ЕАЭБ анда үстөмдүк кылуучу позицияны ээлеши керектигин белгиледи.
«Ааламдашуу шартында жана дүйнөлүк экономикалык системадагы кризистик көрүнүштөрдүн сакталышы, ошондой эле анын турбуленттүүлүгү, интеграциялык процесстер болуп көрбөгөндөй актуалдуу жана маанилүү болуп баратат. Биримдиктин катышуучу өлкөлөр үчүн өз ара пайдалуулугу айдан ачык. Бизде мындан аркы интеграция үчүн эбегейсиз потенциал бар», - деп жыйынтыктады ал.
Сүрөт www