Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Касым-Жомарт Токаев: Казакстанда демократиялаштыруу процесси башталды

Казакстан Республикасынын Президенти Кыргызстан менен түбөлүк достук каалады

Казакстанда демократиялаштыруу жүрүп жатат, жакында Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтөт. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапары учурунда билдирди.

«Июнь айынын башында биздин эл тарыхый окуяны – жалпы элдик референдумду күтүп жатат», - деди ал. Биз чыныгы демократиялык коомго карай бара жатабыз. Мага президент катары эч кандай артыкчылыктын кереги жок, эң башкысы эл жаркын келечекке кадам таштаса. Менин максатым – коомго оң өзгөрүүлөрдү алып келүү. Биз референдум менен чектелбейбиз, бүтүндөй мамлекеттик система жаңыланат”.

Токаев Кыргызстан Казакстанга рухий жактан эң жакын өлкө экенин кошумчалады.

«Достугубуз түбөлүктүү болсун» деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх