Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскар Сыдыков: Биз жогорку кошумча нарк менен билим продукциясын чыгарууга көмөктөшөбүз

ЭИК чыгармачыл тармактардын, электрондук коммерциянын, маданият мекемелеринин жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда бул жаатта келип чыккан укуктук маселелерди талкуулады

Интернетти кеңири колдонуу менен жаңы чакырыктар да пайда болду, анын ичинде автордук укуктарды, чектеш укуктарды жана товардык белгиге укуктарды бузуу мүмкүн болгон шарттар. Бул тууралуу ЭИКтин басма сөз кызматы билдирди.

Интернетте интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо бизнес-коомчулуктун жана керектөөчүлөрдүн, бүтүндөй өлкөнүн кызыкчылыктарын козгогон олуттуу маселе болуп калды.

Ошондуктан Эл аралык ишкерлер кеңешинин Интеллектуалдык менчик боюнча комитети бул жаатта келип чыккан укуктук маселелерди талкуулоону чечти.

Жолугушууга чыгармачыл тармактардын, электрондук коммерциянын, маданият мекемелеринин, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

«Бул платформа бизнес, өкмөт, эл аралык уюмдар жана интеллектуалдык менчик жаатындагы башка кызыкдар тараптардын ортосунда көпүрө болгон бир нече платформалардын бири. Мындан тышкары, биз бул жаатта Кыргызпатенттин туруктуу өнөктөшүбүз”, - деди жыйынды ачып жатып ЭИКтин жетекчиси Аскар Сыдыков.

ЭИКтин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх