Кыргызстанда экономиканын каржы секторунун кирешеси эки эсеге өстү
Жылдын биринчи кварталында банктар 24,4 миллиард сом киреше алышкан
2022-жылдын биринчи чейрегинде экономиканын финансы секторунда 591 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 309 ломбард, 146 микрокредиттик уюм, 97 кредиттик союз, 14 камсыздандыруу компаниясы жана 1 адистештирилген финансы-кредиттик уюм иш жүргүзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында алар 24,4 миллиард сом киреше алышкан, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге көп. Мында кирешенин өсүшүнүн 93 пайызын банк сектору камсыздаган.
Финансы секторунун уюмдарынын чыгашалары ушул эле мезгилде 30 пайызга өсүп, 12,6 миллиард сомду түзгөн.
Сүрөт www