Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте жаш жигит апасын коргоп, мас абалындагы адамды бычак менен сайган

Мас абалындагы жаран менен мейманкананын администраторунун ортосунда чыккан чыр бычак менен аяктаган

14-майда эле Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына Бишкектин Рыскулов жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде бычактан алган жаракаттары менен белгисиз адам жаткандыгы тууралуу телефон чалуулар түшкөн.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу дароо ошол жерге жөнөп кетишкен.

Маалым болгондой, ошол эле күнү саат 16:00дөр чамасында Рыскулов жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде «А. мас абалында мейманкананын администраторунасөгүнүп баштаган.

Оозеки чыр-чатактын жүрүшүндө администратордун уулу А.А. апасына жардам берүү үчүн мейманканадан бычак алып чыккан. Ошол маалда аны көздөй мас абалындагы адам чуркап келип, курсагына бычак сайылган. Андан соң тез жардам кызматы менен Мамакеев Улуттук хирургия борборуна жеткирилген. Аны шашылыш операция жасашкан.

Бул факты Ленин районунун ИИБнын  КЖБРге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүгү (Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен сотко чейинки өндүрүш иши козголгон.

Иликтөө иш-чараларынын жана издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү А.А. 2005-жылы туулган. Ал Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ленин райондук соту шектүүгө карата Чүй облусунун Вознесеновка айылындагы ВТК-14 боюнча бир айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын колдонгон.

Бул ишти иликтөөнү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги көзөмөлгө алды.

Бул тууралуу Ленин райондук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх