Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт
Муниципалитет кечирим сурайт жана калкты ичүүчү сууну өз убагында камдап алууну суранат
“Бишкексууканал” ишканасынын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына караганда, 31-майда саат 9.00дөн 21.00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда таза суу болбойт.
«Сельский» суу алгычында оңдоо иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.
Ичүүчү сууну өчүрүү аймагы: Анкара-Рухи Мурас-ВБЧК Тунгуч мкр (батыш тарабы), анын ичинде: №181 кичирайондук бала бакча. Тунгуч 21/1, №73 о.м Тунгуч, «Рухий Мурас» конушундагы №92 орто мектеп, ошондой эле 44 га.
Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты жана мекеме-уюмдарды өз убагында ичүүчү сууну камдап алууну суранат.
Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www