Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары жетим балдар үчүн №71 мектеп-интернатында болушту (фото)
Футболчулар таттууларды, тамак-аштарды алып келип, топторду тартуулашты
Балдарды коргоонун эл аралык күнүн утурлай Кыргызстандын курама командасынын футболчулары жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн Тоголок Молдо атындагы No71 орто мектеп-интернатында болушту. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан билдиришти.
Балдар үйлөрүнө жана балдар борборлоруна баруу үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, салтка айланган. Футболчулар куру кол келишкен жок: борбордун тарбиялануучуларына таттууларды, тамак-аштарды алып келишти, топторду беришти.
Улуттук кураманын оюнчулары балдар менен баарлашып, алардын суроолоруна жооп берип, алар менен футбол ойношту. Кошумчалай кетсек, тарбиялануучулар жакында боло турган улуттук курама команда менен беттешүүгө чакырылган.
Эске салсак, 2022-жылдын июнь айында 2023-жылы өтө турган Азия Кубогунун тандоо туру Бишкек шаарында Кыргызстандын курама командасынын катышуусунда өтөт. Биздин команданын атаандаштары Сингапур, Мьянма жана Тажикстандын курама командаларынын оюнчулары болмокчу.
Балдар оюнчулар менен баарлашуудан ырахат алып, аларга ийгилик каалап, эстелик катары сүрөткө түшүштү.
КРнын Футбол федерациясы
фото КРнын Футбол федерациясы