Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандыктардын камалышына нааразы болгон Адахан Мадумаров тажик депутаттары менен жолугушууну сунуштады

Буга чейин Башкы прокурор Курманкул Зулушев Кыргызстандын 13 жараны кармалып, алардын экөө өмүр бою эркинен ажыратылганын билдирген

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Тажикстандан келген парламентарийлер менен жолугушууну сунуштады.

Анын айтымында, кыргызстандыктардын Тажикстан Республикасында кармалышы боюнча маселе саясий деңгээлде чечилиши керек.

- Кыргызстандын жарандарын камоо маселеси тез арада саясий деңгээлде чечилиши керек, - деди Мадумаров. -Жакында Баткен облусуна барып, тургундар бул жагдайды чечүүнү суранышты. Тажик депутаттары менен жолугушууну уюштуруу өтүнүчү менен комитеттердин бирине тапшырма берүү керек.

Буга чейин ушул жылдын апрель айында башкы прокурор Курманкул Зулушев Тажикстанда Кыргызстандын 13 жараны камакта экенин, алардын экөө өмүр бою эркинен ажыратылганын билдирген.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх