Акылбек Жапаров Камбар-Ата ГЭС-1ди куруунун биринчи этабын баштоого даярдыктын жүрүшү менен таанышты
Биринчи ГЭСти 8 жылдан кийин ишке киргизүү пландалууда
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Нарын дайрасындагы Камбар-Ата-1 гидроэлектростанциясынын курулушуна даярдык көрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымдагандай, 2 жыл аралыгында жаңы жолдорду, көпүрөлөрдү, имараттарды салуу жана эскилерин калыбына келтирүү, ошондой эле жумушчулар үчүн башка тийиштүү инфраструктураларды түзүү боюнча иштер жүргүзүлөт.
Анын айтымында, ГЭСтин биринчи гидроагрегатын 8 жылдан соң ишке киргизүү пландаштырылууда.
Сапардын жыйынтыгы боюнча Акылбек Жапаров объектидеги даярдык иштерин сапаттуу жүргүзүүнү камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Маалыматтарга ылайык, Камбар-Ата-1 ГЭСи 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5 млрд кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын-ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5.5 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогулта алат.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жакында берген маегинде Казакстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга катышууга кызыгуусун билдирип жатканын маалымдаган.
Министрлер кабинетинин маалымат кызматы
Фото www