Эльвира Сурабалдиева: Бизнес жеңилдетилген насыяга муктаж, банктар колдо болгон акчаны колдонбой жатат
Эл өкүлү орто жана чакан бизнеске шарт түзүлбөй жатканына нааразы
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева мамлекеттик банктар 2021-жылы 80 миллион сомду пайдаланылбай кайтарып бергенине нааразы болду.
«Азыр ККМнын айланасында ызы-чуу болуп, дүйнөдө экономикалык кризис болуп жатат, баардык нерсенин баасы көтөрүлүп, бизнести гана саап жатабыз», - дейт Сурабалдиева. «Жада калса малды союунун алдында катуу тоют берет. Чакан жана орто бизнеске шарт түзүү керек. Ишкерлерге жеңилдетилген насыялар керек. Каржы министрлиги он бир банк аркылуу 400 миллион сомдон ашык пайызсыз насыя бөлгөн. Мамлекеттик банктар РСК Банк, Айыл Банк, Керемет Банк 2021-жылы 80 миллион сомду өздөштүргөн эмес. Муну кандай түшүнсө болот? Бизнеске насыя керек. Мамлекеттин акчасы бар, бирок аны колдоно алышпайт.
Ислам Жолдошов
сүрөт www