УКМК «Сорос-Кыргызстан» фондунун жетекчисин суракка алды
Шамил Ибрагимов ага уюмдун кеңсеси боюнча суроолор берилгенин белгиледи
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери «Сорос-Кыргызстан» фондунун жетекчиси Шамил Ибрагимовду суракка алышты. Бул тууралуу маалыматты Vesti.kg сайтына аталган фонддун коммуникациялар боюнча координатору Кубан Сагынбеков тастыктады.
Журналисттер менен болгон маегинде Ибрагимов уюмдун кеңсе имаратын сатып алуу боюнча суракка алынганын белгиледи.
Анын айтымында, интернетте Соросту каралаган анонимдүү кутумчу видеолорду көп көрүүгө болот жана УКМК кызматкерлери бул уюм мыйзамсыз кеңсе алган деп айыпталып жаткан видеого жооп берүүнү чечишкен.
Өз кезегинде Сорос-Кыргызстан сурак мыйзам чегинде болгонун, УКМКнын өкүлдөрүнө эч кандай дооматтар жок экенин баса белгиледи.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www