Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевге карата жети кылмыш ишин козгоду

Ошол эле учурда Саламаттыкты сактоо министрлигинин дагы үч кызматкери кармалган

Башкы прокуратура саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге жети кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Коррупция беренеси боюнча бир кылмыш иши, пара талап кылуу беренеси боюнча экөө; төртөө - кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана атайылап пайдасыз келишим түзүү беренеси боюнча.

Ошол эле учурда Башкы прокуратура Саламаттыкты сактоо министрлигинин дагы үч кызматкери COVID-19га каршы вакциналарды сатып алуудагы коррупция фактысы боюнча кармалганын жарыялады. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова жана дары-дармек жана медициналык буюмдар бөлүмүнүн башчысы Султан Сатарбеков кармалды.

Эске салсак, буга чейин Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиев менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери коррупцияга шектелип жатканын билдирген.

Башкы көзөмөл органы министр бюджеттик каражаттарды пайдаланып, чет элдик компаниялардан вакциналарды сатып алып, аталган компаниялардын оффшордук эсебине которгонун билдирди. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1 миллиард 581 миллион сомду түзөт.

Маалым болгондой, Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерине карата беш кылмыш иши козголгон.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх