Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алымкадыр Бейшеналиев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кийинчерээк сот Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчисинин баш коргоо чарасын тандайт

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы УККда 48 саат болот, андан кийин сот анын баш коргоо чарасын тандайт.

Эске салсак, бир күн мурун Башкы прокуратуранын кызматкерлери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин «Альфа» атайын бөлүгүнүн катышуусунда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кармашкан. Чиновникке карата жети кылмыш иши козголсо, анын бири коррупция фактысы боюнча.

Төрт факты кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана атайылап пайдасыз келишим түзүү фактыларына байланыштуу.

Башкы көзөмөл органы министр бюджеттик каражаттарды пайдаланып, чет элдик компаниялардан вакциналарды сатып алып, аталган компаниялардын оффшордук эсебине которгонун билдирди. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1 миллиард 581 миллион сомду түзөт.

Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерине карата беш кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх