Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан атышуу болду
Алдын ала маалыматтарга караганда, алгач тажик тарап ок чыгарган
Кыргыз-тажик чек арасында дагы бир жаңжал чыкты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди.
Маалым болгондой, окуя Кара-Булак айыл аймагынын Булак Башы айылында болгон. Ал жерге эки өлкөнүн чек ара отряддарынын командирлери жөнөп кетишти. Болжол менен 20 мүнөт мурун атышуу аяктаганы такталган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок. Болжол менен тажик тарап биринчи ок чыгарган.
Vesti.kg сайтынын редакциясы Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы менен байланышууга аракет кылып, бирок жеткиликсиз болгон.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз