Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу аяктады
Эки тараптан тең жарат алгандар бар
Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу аяктады. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Эки тараптан тең жарадар бар экени белгиленет.
Эске салсак, бүгүн мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде курал колдонуу боюнча окуя болгон.
Кыргызстандын чек арачылары Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жатып, ойдон чыгарылган чек ара сызыгын мыйзамсыз кесип өтүп, Кыргызстандын аймагына кирип келген тажик чек арачыларын аныкташкан.
Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарга көңүл бурбай, тажик чек арачылары кыргыз аскер кызматкерлерине ок чыгарышкан. Эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын ортосунда атышуу чыгып, тажик тарап миномётторду колдонгон.
Сүрөт www