Каныбек Осмоналиев: Улуттук комиссия менен мамлекеттик тилди талкуулоо программалардын жана концепциялардын салмагын гана жогорулатат
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы мамлекеттик түзүмдөрдүн тил саясаты жаатындагы ыраатсыздыгы мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө тоскоол болушу мүмкүн деп эсептейт
“Кыргыз жараны” улуттук концепциясынын бет ачарында аны ишке ашыруунун этаптары жана зарыл шарттары айтылды. Шарттардын бири – мамлекеттик тилди билүү. Ошол эле учурда рыноктун талабына жараша башка чет тилдерди да билүү зарыл экендиги белгиленет.
Эл аралык тил, англис тили мамлекетти көмүскөдө калтырып кетпейби?
Vesti.kg сайтынын редакциясы комментарий алуу үчүн КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиевге кайрылды.
«Мамлекеттик тилге байланышкан ар кандай мамлекеттик долбоорлор, программалар жана концепциялар комиссия менен макулдашылышы керек», - деди ал. — Эмне үчүн концепциянын бет ачары тууралуу бизге маалымат берилген жок? Мамлекеттик тил боюнча биздин комиссия менен макулдашуу жана талкуулоо долбоорлордун салмагын гана арттырат. Чет тилдерге келсек, албетте, аларды билиш керек. Бирок шартын иштеп чыгыш керек, болбосо кыргыздарды көмүскөдө калтырып коюшу мүмкүн.
Ислам Жолдошов
Сүрөт www