Шайырбек Ташиев кыргыз тили мугалимдери 15%, математиктер 40% гана көтөрүлгөнүнө нааразы болду
«Мамлекеттик тилге тийиштүү көңүл бурбасак, аны кантип өнүктүрөбүз?!
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайырбек Ташиев мектептердеги кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин айлыгы 15% гана кошумча көтөрүлгөнүнө нааразы болду.
«Мектептерде математика жана информатика мугалимдери 40%, кыргыз тили жана адабияты мугалимдери 15% гана көбөйтүлдү», - деп ачууланды Ташиев. - Мамлекеттик тилди окутууга тийиштүү көңүл бурбасак, аны кантип өнүктүрөбүз.
Ислам Жолдошов
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз